Бишкекте төкмө акындардын эл аралык айтышы өтөт

31-августта жана 1-сентябрда Бишкекте кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтөт. Бул тууралуу улуттук "Манас" театрынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, айтыштын тандоо туру 12-августта саат 10:00дө улуттук “Манас” театрында башталат.

Тандоо турунда жана айтышта акындарга коюлуучу негизги талаптар:

  • төкмөлүк кудурети (сөз байлыгы, чечендиги, шайырлыгы, ырынын көркөмдүгү, нарктуулугу);
  • үнүнүн кооздугу, комузду черте билүүсү (канааттандыраарлык, жакшы, мыкты);
  • сахна маданияты (кийим үлгүсүнүн өзгөчөлүгү, жарашыктуулугу, өзүн алып жүрүүсү, ички маданияты).

Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт. 1-айлампасы упайлык негизде, жарым финалы жана финалдык бөлүгү олимпиадалык негизде өтөт. Акындардын жубу чүчүкулак аркылуу чечилет. Акындардын упайлары тең болуп калган учурда, жашы улуусуна жол берилет.

Байге фонду 3 миллион сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан