Кара-Балтада 15 жашар өспүрүмдөрдү арачалап жатып комага түшкөн 46 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ал кечээ, 11-августта көз жумган.
Белгилей кетсек, 2-августта Кара-Балта шаарында мушташып жаткан 15 жашар өспүрүмдөрдү арачалаган 46 жаштагы К.У. алган жаракатынан улам комага түшкөн.
Шектүү катары 15 жаштагы өспүрүмдөр кармалган.