Кара-Балта шаарында мушташып жаткан 15 жашар өспүрүмдөрдү арачалаган 46 жаштагы киши алган жаракатынан улам комага түшүп, кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Чүй облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-августта саат 22:20 чамасында Жайыл РИИБине Кара-Балта шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 1978-жылы туулган К.У. аттуу жаран келип түшкөндүгү боюнча билдирүү келген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, ошол эле күнү саат 21:30дар чамасында Кара-Балта шаарындагы Маданият үйүнүн жанындагы сейил бактан 2009-жылы туулган Б.А. аттуу жаран самокат ижарага берип жатып кардар менен уруша кеткени, чыр ырбап калайман мушташка айланганы аныкталган.
Окуя болгон жерден алыс эмес жердеги "Алтын Шафран" кафесинде эс алып жаткан К.У. аттуу жаран аларды ажыратуу үчүн чуркап келип, ал жерден денесинен оор жаракат алып эс-учун жоготуп, аймактык ооруканага жеткирилген.
Эртеси милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү 2009-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Райондук сот тарабынан С.А.га карата 2 айга үй камагына алуу баш коргоо чарасы тандалган.
Ал эми 5-августта тергөө иштеринин жүрүшүндө бул окуяга тиешеси бар 2009-жылы туулган Б.А. аттуу жаран аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ага карата райондук сот тарабынан 1 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.
Учурда кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.