Тамчыга кулаган аппарат: УКМК эмне кулап түшкөнүн айтты

Тамчыдагы аэропортко жакын жерге жаңы типтеги тактикалык мини-дрон кулаган. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Андагы маалыматка ылайык, бүгүн, 14-августта Балыкчы шаарындагы машыгуу полигонунун аймагында жаңы типтеги тактикалык мини-дрондун машыгуу сыноолору өткөрүлгөн. Анда Тамчыдагы аэропортко конушу керек болгон дрон белгиленген чекке жетпей кулап түшкөн. Андан эч ким жабыркаган эмес.

"Учурда аэропорттун аймагын мини-дрондун бузулган бөлүктөрүнөн тазалоо иштери жүрүп жатат. Сыноочулар тобу анын себептерин иликтешет", - деп билдиришти УКМКдан.

УКМК ошондой эле Bayraktar баш болгон учкучсуз аппараттар зыянга учурабаганын кошумчалады.

Бүгүн социалдык тармактарда Тамчыдагы аэропортко жакын жерге учуучу аппарат кулап түшүп, өрттөнүп жаткан видеосу тараган.

Тамчыда учкучсуз аппарат кулады делген видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан