Тамчы айылындагы аэропортко жакын жерге учкучсуз учуучу аппарат кулап түштү делген видео социалдык тармактарга тарады.
Анда окуянын күбөлөрү учкучсуз учак кулаганын, жеринде эки өрт өчүрүү кызматы иштеп жатканын айтышкан.
Бул боюнча "Манас" Эл аралык аэропортуна байланышканыбызда эч кандай учак кулабаганын, ал жерге учкучсуз учак кулашы мүмкүн экенин айтышты.
Ал эми Коргоо министрлигине байланышканыбызда министрликке таандык болгон учкучсуз учуучу апараттар Тамчы айылында болбогондугун билдиришти.