Чүйдөгү ооруканада дарыгерге кол салган аял кармалды

Чүй облусундагы ооруканалардын биринде нөөмөттөгү дарыгерге кол салган аял аныкталып, милиция тарабынан кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 20-августта социалдык тармактарда белгисиз аялдын медицина кызматкерине кол салган видеосу тараган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 19-августта Чүй райондук милиция бөлүмүнө 1997-жылы туулган Токмок шаарынын тургуну З.И. арыз менен кайрылгандыгы аныкталган. Анын арызында айтылгандай И.Ж. аттуу жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүндө эч себепсиз дарыгердин денесине залал келтирген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 19-августка караган түнү саат 01:00 чамасында Чүй райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 2003-жылы туулган И.Ж. мас абалында түшүп, саат 04:00дө эсине келип, ооруканадан чыгууну каалаган. Бирок кызматкерлер аны туугандары келгенге чейин чыкпай турууну талап кылган. Ал өзүнүн агрессивдүү кадамдары менен реаниматолог З.А.га кол салып, денесине залал келтирген. Окуядан кийин ооруканадан чыгып кеткен.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан