Чүйдөгү ооруканалардын биринде бейтап дарыгерге кол салган видео тарады

Чүй облусундагы ооруканалардын биринде бейтап нөөмөттөгү дарыгерге кол салды. Бул тууралуу Көз карандысыз медициналык профсоюз уюмунун жетекчиси Бермет Барыктабасова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Жаңжал эмнеден чыкканы белгисиз. Видеодо көрүнгөндөй, жилет кийген аял нөөмөттөгү дарыгерге кол көтөргөнү, экинчисинде аны дубалга такап, муунтуп жатканын көрүүгө болот.

Барыктабасованын айтымында, кол салуу кемсинтүү сөздөрү менен коштолгон. Ал белгилегендей, мындай окуялар бейтаптардын же алардын жакындарынын мас абалында болушунан улам болуп жатат.

"Башка дагы бир ооруканада дарыгерди бөлмөгө камап алып, 102 келгенче чыгарышкан эмес", - деп жазды ал.

Чүйдөгү ооруканада бейтап дарыгерге кол көтөргөн видео тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан