Баткенде өзбекстандык ишкер, криминалдык авторитет Салим Абдувалиев (лакап аты Салимбай байбача) менен байланышы бар деп шектелген жаран кармалып, суракка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 1978-жылы туулган З.Э. аттуу жаран август айында Орусиянын Москва шаарынан Раззаков шаарына келгенде, УКМК тарабынан издөөгө алынган уюшкан кылмыштуу топтун лидери Салим Абдувалиев менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, өз чөйрөсүндө мактанган.
"16-августта аталган З.Э. тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн алынып келинип, сурак учурунда 2022-жылы каза болгон маркум айылдашы К.Ш. менен Ташкентке барган мезгилинде Салим Абдувалиев менен жолугушкандыгын тастыктаган. Ошондон кийин Салимбай байбача жана анын айланасындагылар менен жолуккан эмес, биргелешкен иштери да болгон эмес. Учурда ал Орусияда эмгек миграциясында болуп, ташуучу болуп эмгектенет.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча З.Э. уюшкан кылмыштуу топко жана аны каржылоого катышы бар экендиги азырынча тастыктала элек, бирок ал криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү менен байланыш түзүү боюнча өзүнүн жасаган иштеринин укукка каршы кесепеттерин түшүнүп, мындан ары мындай аракеттерди кайталабоого милдеттенди", - деп айтылат маалыматта.
Ал Раззаков шаарында туулганы жана ушул кезге чейин толук аты-жөнүн бир нече жолу өзгөрткөнү кошумчаланды.
Белгилей кетсек, УКМК 6-августта маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаганына байланыштуу Салим Абдувалиевге издөө жарыялаган.