Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаганына байланыштуу криминалдык авторитет, өзбекстандык ишкер Салим Абдувалиевге (Салимбай байбача) издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта УКМКдан кабарлады.
Маалыматка ылайык, "Братский круг" эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Өзбекстандын ири ишкерлеринин бири жана кылмыш дүйнөсүнүн лидери Абдувалиев Салим Кыргызбаевич тарабынан каржылоо фактылары аныкталды.
"Салим Абдувалиев Өзбекстандын аймагында кылмыштуу топтордун лидери болуу менен бирге КМШ өлкөлөрүнө да түздөн-түз таасирин тийгизип, баңги каражаттарды Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз ташуу каналдарын уюштуруп, Камчы Көлбаев менен байланыш түзүп, системалуу түрдө материалдык жардам көрсөтүү аркылуу анын криминалдык дүйнөсүнүн, ошондой эле Орто Азия өлкөлөрүнүн аймагында, региондун башка таасирдүү криминалдык авторитеттеринин арасында лидер болуп калуусуна өз колдоосун көрсөткөн.
Ошол эле учурда экөөнүн жакын мамиледе болгондугуна Көлбаевдин Өзбекстанда Абдувалиев уюштурган салтанаттарга жана башка иш-чараларга бир нече жолу барганы тууралуу маалыматтар далил боло алат", - деп айтылат билдирүүдө.
Чогултулган материалдардын негизинде Салим Абдувалиевге карата Бишкектин Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды. Аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык издөө жарыяланганы кошумчаланды.