Министрлик окуучулардын билими мурдагыдай эле бааланарын айтты

Мектептерде 5 баллдык баалоо системасы сакталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12 жылдык билим берүү системасына өтүүдө 5 баллдык шкаладагы баалоо системасы 10 баллдык болуп өзгөртүлбөйт.

Министрлик бул программада 10 баллдык система жок экенин билдирди.

"Кыргыз Билим берүү академиясынын сайтында жарыяланган маалымат айрым эксперттердин жеке пикири экенин жана министрликтин расмий позициясын чагылдырбасын баса белгилейт", - дешти министрликтен.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Билим берүү академиясынын сайтында 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында окуучулардын билимин баалоо системасы өзгөртүлөрү кабарланган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан