Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында окуучулардын билимин баалоо системасы өзгөртүлөт. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында жарыяланган "12 жылдык билим берүүгө өтүү концепциясында" айтылат.
Ага ылайык, 5 баллдык система 10 баллдык системага алмаштырылат. Бул балдардын билимин өзүнчө карап баалоого мүмкүнчүлүк берери айтылат.
1-2-класстарда баасыз система колдонулат, окуучуларды баалоо сандык эмес, сапаттык мүнөздө жүргүзүлөт.
3-класстан 12-класска чейин окуучуларга 1ден 10го чейинки баа коюлат. Башталгыч билим берүүнү, тагыраагы, 6-классты аяктагандан кийин тестирлөө жүргүзүлөт. Бул тесттик текшерүү окуучулардын окуу, жазуу, математика жана табигый илимдер боюнча базалык сабаттуулугун баалоого багытталган.
Негизги мектептеги (7-9-класстар) окутуунун сапаты мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация менен текшерилет.
12-класстын аягында жыйынтыктоочу баалоо – экзамендер жүргүзүлөт.
Мындан сырткары мектептерде окуучулардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо үчүн Кыргызтест системасынын негизинде комплекстүү стандартташтырылган тестирлөө жүргүзүлөт. Орус тилин жана англис тилин билүү деңгээлин аныктоо үчүн стандартташтырылган тест колдонулат.