Жалал-Абадда оюн аянтчасында сабалган бала: Шектүү аял 48 саатка камалды (видео)

Жалал-Абад шаарында соода түйүндөрдүн биринде жайгашкан оюн аянтчасында баланы сабаган аял кармалып, 48 саатка камалды. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Айта кетсек, буга чейин социалдык түйүндөрдө жаш өспүрүм баланы чоң аял киши уруп жаткан видео тараган. Милиция иликтөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирген.

"Сабалган бала 2012-жылы туулган М.С. экендиги аныкталган. Ал баш мээсинин чайкалуусу менен Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына жаткырылган. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургуну 1994-жылы туулган А.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилди”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жалал-Абадда оюн аянтчасында сабалган бала: Шектүү аял 48 саатка камалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан