Жалал-Абадда оюн аянтчасында 12 жаштагы өспүрүм сабалды (видео)

Жалал-Абад шаарындагы соода түйүндөрүнүн биринде жайгашкан оюн аянтчасында 2012-жылы туулган өспүрүм бейтааныш аял тарабынан сабалды. Окуя учурунда тартылган видео социалдык баракчаларга тарап, кызуу талкуу жаратты.

Жалал-Абад шаардык милициясы окуяны тастыктап, баланын апасы, Сузак районунун тургуну Ю.Я. 19-августта арыз менен кайрылганын билдирди. Окуя 17-августта орун алган. Анда азият улутундагы жашы 30-35 жаштагы аял өспүрүрүмдү сабап, денесине залал келтиргени айтылган.

Аталган маалымат Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.

Ал эми жабырлануучуга карата атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жалал-Абадда оюн аянтчасында 12 жаштагы өспүрүм сабалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан