Депутат Аида Исатбек кызы үчүнчү жолу эне статусуна ээ болду

Жогорку Кеңештин депутат Аида Исатбек кызы кыздуу болду. SUPER.KG порталы депутат айымды куттуктап, байланышка чыктык.

"Көз жарганыма эки жума болуп, кыркыбыз чыга элек. Азырынча бала менен үйдөбүз. Бул биздин үчүнчү наристебиз. Анын 11 жашта эжеси жана 8 жашта агасы бар", - деп билдирди депутат айым.

Исатбек кызы депутат болуп элдин жүгүн алган соң энелик милдетин жумушу менен шайкеш алып кете тургандыгын билдирди. Сентябрдан тарта жумушка чыкканы менен, 2-3 ай алыскы аймактардагы шайлоочулары менен жеринен жолуга албастыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Аида Исатбек кызы 2021-жылы “Ынтымак” саясий партиясынан VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып келген. Азыркы учурда парламентте Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан