Учурда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында капиталдык оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө.
Аталган аянтта 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанаттуу иш-чара уюштурулат.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги буга чейин атайын техника жана жабдуулар сатып алынганын, алар өлкөнүн көз карандысыздыгынын 33 жылдыгын белгилөө иш-чарасында колдонуларын кабарлаган.
Учурда аянтта сахна, LED-экрандар орнотулуп жатканын көрүүгө болот. Буга чейин аянтта бийиктиги 100 метрди түзгөн флагшток орнотулган.
SUPER.KG порталы майрамга карата даярдалып жаткан аянттан сүрөттөрдү тартуулайт.