"Ала-Тоо" аянтына 100 метрлик флагшток орнотулду (видео)

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына бийиктиги 100 метрди түзгөн флагшток орнотулду. Бул тууралуу мэрия билдирип, видео менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, флагшток Түркиядагы ири заводдордун биринде жасалып, атайын жабдыктардын жардамы менен алынып келинген. Бул полимердик каптоо менен жогорку бекем цинктен.

Аталган иштер Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жүргүзүлүп жатканы белгиледи. Буга чейин эски 45 метрлик флагштокту жана ардактуу кароолдун кабинасын демонтаждоо иштери бүткөрүлгөн.

29.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан