Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 3 жашар бала дагы деле табыла элек. Аны издөө иштери улантылып жатканын облустук милициядан билдиришти.
Маалымдалгандай, издөө иштерине Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмү, облустук милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө батальонунун кызматкрелери, ӨКМ кызматкерлери, ошондой эле айыл тургундары тартылды.
Учурда издөө иштери улантылууда.
Белгилей кетсек, 19-августта Ысык-Ата районунун Дружба айылында үч жашар баланын дайынсыз жоголгону кабарланган.