Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Дружба айылындагы каналга түшүп кеткен үч жаштагы бала изделүүдө. Маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы тастыктады.
Окуя 19-августта болгон, анда 2022-жылы туулган бала каналга түшүп кеткен.
Аталган окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады. Анда эркек кишилер катар тизилип, издөө иштерин жүргүзүшкөнүн көрүүгө болот.
Ал эми Чүй облустук милициясынын берген маалыматы боюнча учурда издөө иштери уланууда.