Семирип кетпөөнүн алдын алуу максатында Австралиядагы Мельбурн шаарындагы мектептерде балдар туруп сабк өтүшүүдө. Бул тууралуу 26-декабрда чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди Мельбурн мектеп дирекциясы кабыл алып, учурда 6-класстын окуучулары туруп сабак өтүп жатышат. Мындан эки ай мурун мектепке бийик парталар алынып келинип, орнотулган.
Эми 2014-жылдан тарта окумуштуулар бул окуучуларга изилдөө жүргүзүп, алардын аң-сезиминин, дене боюнун өсүүсүнө көз салышмакчы. Учурда балдарга сабакта канча убакыт турууга чыдай аларына көз салуучу атайын аппараттар таркатылган.