Ысык-Көлдөгү селден жабыркагандарга кенемте төлөнөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында селден жабыркаган айылдарды көрүп чыкты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров Садыр-Аке айыл аймагынын Темир айылында болуп, келтирилген зыяндын көлөмү менен таанышып, жабыркаган чарбаларды кыдырды.

Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана айыл тургундары менен өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча зарыл чараларды сүйлөштү.

Акылбек Жапаров селден жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн мамлекет тарабынан компенсация төлөнүп берилерин билдирди. Ал берилчү жардамдын көлөмү тийиштүү мекеме, жергиликтүү калктын катышуусу менен түзүлгөн комиссиянын чечимине жараша болорун белгиледи.

Өкмөт башчы ошондой эле кыймылсыз мүлктү камсыздандыруунун маанилүүлүгүн да белгилеп, анын суммасы 600 сомдон ашпай турганын, табигый кырсыктар камсыздандыруу окуяларынын тизмесине кирерин кошумчалады. Жапаров жарандарды мүлкүн мүмкүн болуучу кырсыктардан коргоого чакырды.

Андан соң Акылбек Жапаров өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, анда мүмкүн болуучу кырсыктар боюнча эскертүү системаларын жакшыртууну, ошондой эле кырсыктан жапа чеккендерге жардам көрсөтүүнү даярдоону тапшырды.

Эске салсак, 18-августта нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ысык-Көл, Тоң жана Жети-Өгүз райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан