Ысык-Көлдүн үч районуна өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Селден улам Ысык-Көл облусунун үч районуна өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 18-августта Ысык-Көл районунун аймагына катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Мындан тышкары Тоң жана Жети-Өгүз райондоруна да өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, айрым жолдор жабылганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Учурда сел суулары каптаган аймактарда тазалоо иштери жүрүп жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан