Чоң Чүй каналына түшүп кеткен үч жашар баланын ата-энеси президентке кайрылды (видео)

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен үч жашар баланын ата-энеси президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, каналдагы сууну убактылуу токтотуп турууну суранды.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич, үч жаштагы балабыз, Амирди дээрлик бир аптадан бери издеп жатабыз. Бирок жыйынтык болбой жатат. Анын сөөгүн таап алуу үчүн каналдын суусун болушунча кургатып турууну, уулубуздун сөөгүн табууга көмөктөшүүңүздү суранабыз”, - деди баланын атасы видеокайрылууда.

Эске салсак, 19-августта Ысык-Ата районунун Дружба айылында үч жашар баланын дайынсыз жоголгону кабарланган. Милиция кызматкерлери, ӨКМдин куткаруучулары, ыктыярчылар баланы издөөгө күн сайын чыкканы менен натыйжасыз болуп жатканы маалымдалган.







Дайынсыз жоголгон 3 жашар баланын ата-энеси сууну убактылуу бууп турууну суранды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан