Бишкекте дрондордун укмуштуудай шоусун уюштурган компания тайм-лапс видеосун көрсөттү. Ал 20 секунданын ичине гана баткан.
Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында өткөн дрон шоуго 950 учуучу техника тартылган. Анда Манастын, комуз, боз үй жана ушул сыяктуу кыргыз элинин символдорунун элеси чагылдырылып, Олимп оюндарында байгелүү кайткан спортчулар да көрсөтүлгөн.