Кеээ, 31-августта Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгын белгилөөгө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров, биринчи айым Айгүл Жапарова, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
Иш-чарада өлкө тарыхы сахналаштырылып, дрондордун көз талдырган шоусу менен коштолду.
Майрамдык концертте кыргыз эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Нурлан Насип, Бек Борбиев, Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева жана Омар, казакстандык Роза Рымбаева, россиялык Стас Михайлов, Люся Чеботина жана Филипп Киркоров, швециялык Боссон тобу, италиялык In-Grid, ырчы Амирчик кыргызстандыктарга майрамдык маанай тартуулашты.
Бишкек ШИИББинин маалыматына таянсак, аянттагы иш-чарага 80 миңден көп адам келип, 5 миң милиция кызматкери коопсуздукту камсыздашты.