Депутат Кокулов ЖОЖдогу контракттын көтөрүлүшү боюнча маселени көтөрдү

Бүгүн, 5-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов Бишкек мамлекеттик университетинде студенттер төлөөчү контракт көтөрүлүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, аталган окуу жайда контрактын үстүнө дагы кошумча 10 миң сом кошулган.

"Мындай деген болбойт. Негизи окууга киргенде канча болсо ошо бойдон калышы керек. Ошол үчүн ал контаркт", - деди ал.

Белгилей кетсек, билим берүү илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку окуу жайларда окуунун акысын көтөрүүгө киргизилген мораторий мугалимдердин айлыгын көбөйтүү максатында алынганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан