Министр ЖОЖдордо окуу акысы эмнеден улам өскөнүн түшүндүрдү

Жогорку окуу жайда билим алуу арзан болбошу керек. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева министрликтин Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Министр түз эфирде суроолорго жооп берип жатып, быйыл студенттер үчүн окуунун акысы эмне үчүн кымбаттаганын түшүндүрдү.

"Соңку үч жыл бою ЖОЖдордогу контрактты көтөрүүгө мораторий киргизилген. Бул аралыкта экономика көтөрүлүп, маяна жана пенсиялар өстү. Билим берүү төмөнкү деңгээлде болбошу керек. ЖОЖдогу окуу акысынын эң кымбаты 300-500 доллар болуп келген. Ошол эле учурда айрым мектептерде балдарын 5-15 миңге окутушууда", - деди министр.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева мораторийди алуу чечими университеттердеги мугалимдер мектептерден аз айлык ала баштаганынан улам кабыл алынганын белгиледи.

"Жогорку окуу жайлардын окутуучулары мектеп мугалимдерине караганда аз айлык ала башташты. Ошондой эле ЖОЖдордун материалдык-техникалык базасы өнүкпөй калган. Окутуу акысын жогорулатуу маселесин ЖОЖдордун окумуштуулар кеңешинин чечимине өткөрүп бердик", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан