"Ар бир адам жаңылат..."  Алагөзовдун эскертүүсүнөн кийин Искаков постун өчүрүп, кайрылуу жасады (видео)

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун жарандарды дин маселесине байланыштуу ар кандай "чагымчыл сурамжылоолорду" кылбоо чакырыгынан кийин жарандык активист Эртай Искаков социалдык тармакта бөлүшкөн постун өчүрдү.

Ал өзүнүн дарегине айтылган эскертүүнү кабыл алганын билдирди.

"Албетте, туура жагынан түшүндүм. Ар бир адам жаңылат, биз дагы жаңылабыз. Мамлекеттик саясат терең анализ аркылуу жасалат. Биз аны колдойбуз, башынан эле колдоп келгенбиз. Мыйзамдуулук биринчи орунда.

Достор, комментарий жазганда да этияттап жазууну суранам. Ошондой эле жалган маалыматтарды таратпайлы", - деди Искаков.

Буга чейин Алагөзов Искаковдун Фейсбуктагы постун мисал кылып, ушул сыяктуу "чагымчыл билдирүү, сурамжылоолорду" токтотуу керектигин айткан.
Белгилей кетсек, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия динге байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору 30-августта коомдук талкууга коюлду.
Анда коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн тааныганга мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушу жазылган. Ошондой эле диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, үй, батирлерди кыдырып таратууга тыюу салуу каралган.
Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынат. Диний мекемелерде саясий мүнөздөгү ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө болбойт. Диний окуу жайдан тышкары диний сабактарды жекече окутууга жол берилбейт.
Мыйзамды бузган адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып пул салуу каралган.

Бул маселе боюнча 5-сентябрда президент Садыр Жапаров тиешелүү жетекчилер менен кеңешме өткөрүп, мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынган.

Видео: Эртай Искаков
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2024-09-09 16:24:00
Динди көзөмөлгө албаса мамлекетте башаламандык орун алат. Сабатсыз динчилдер өтө көбөйдү. Булардын зыянын коомдун светтик катмары тартат. Диний атрибут, символдорго, башты чүмкөнүп жүрүүгө гана басым болуп калды. Мындай болбошу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан