Өлкөдө динге байланыштуу мыйзамды толук өзгөртүү сунушталды

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия адамдардын өздүгүн тактоого жол бербеген кийимдерди кийүүгө тыюу салууну сунуштоодо. Учурдагы мыйзамдарга өзгөртүүлөр коомдук талкууга жарыяланды.

Ага ылайык, диний негизде партияларды жана башка саясий бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салуу каралган. Диний мекемелерде саясий мүнөздөгү ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө болбойт.

Ошондой эле диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, үй, батирлерди кыдырып таратууга да тыюу салуу сунушталууда.

Мыйзамды бузган адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып салуу каралган.

Тактап айтканда, мамлекеттик органдарда жана коомдук жайларда эмгек жана кызматтык иштерге байланыштуу кийимдерди кошпогондо, жарандын өздүгүн аныктоого мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүү, ошондой эле медициналык себептерден улам бетин жабуу - жеке жактарга 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Ал эми карылар жана майыптар үйлөрүндө, жаза өтөө мекемелеринде, тергөө изоляторлорунда, ошондой эле кошуундарда, бөлүмдөрдө жана бөлүктөрдө диний жөрөлгөлөрдү, жолугушууларды жана башка диний иш-чараларды өткөрүү үчүн диний ишмерлерди, дин иштери боюнча орган тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттин макулдугусуз Куралдуу күчтөрдүн бөлүмдөрү чет өлкөлүк диний уюмдардын жарчыларын жана дааватчыларын чакыргандарга 20 миң сом өлчөмүндө, юридикалык жактарга 65 миң сом өлчөмүндө айып салууга алып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан