Жогорку квалификациядагы кардиолог-электрофизиолог, Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы алгачкы жана уникалдуу операцияларды ийгиликтүү жүзөгө ашырган Курбанбек Калысов менен маектештик. Ал жүрөк ооруларынын түрлөрү, кантип алдын алуу керектиги жана 11 айлык наристеге жасаган операциясы тууралуу айтып берди.
Белгилей кетсек, ал жыл сайын 400дөн ашык операцияларды аткарып, жалпы 4 миңден ашык операцияларды жүргүзгөн. Алардын көбү Кыргызстанда жана региондо биринчи жолу жасалган. Калысов өз кесибинде чоң ийгиликтерге жетишип, жаңы технологияларды киргизүүгө жана бейтаптарга эң мыкты дарылоону камсыздоого умтулат.
- Жүрөктүн ишемиялык оорусу кандай себептерден улам пайда болот?
- Жүрөктүн ишемиялык оорусу негизинен жүрөккө кан жеткирүүчү артериялардын тарылышынан улам келип чыгат. Бул артериялар атеросклероз процессинин натыйжасында холестеролдук тактар менен тосулуп, жүрөктүн кычкылтек менен камсыз болушун азайтат. Башка себептерге гипертония, кант диабети, семирүү, чылым чегүү жана генетикалык факторлор кирет.
- Кандай ыкмалар жүрөк ооруларын, анын ичинде ишемияларды аныктоого мүмкүндүк берет?
- Жүрөк ооруларын аныктоо үчүн электрокардиограмма (ЭКГ), стресс-тесттер, эхокардиография, коронарография жана компьютердик томография сыяктуу диагностикалык ыкмалар колдонулат. Ошондой эле кан анализдери жүрөктүн ферменттеринин деңгээлин өлчөө үчүн маанилүү болуп саналат.
- Дары-дармек ичүүдөн башка жүрөк ооруларын дагы кандай ыкмалар менен дарылоого болот?
- Дары-дармек терапиясынан тышкары жүрөк оорулары хирургиялык ыкмалар, мисалы, коронардык артерияларды кеңейтүүчү операциялар, стент коюу же жүрөккө байланган тамырларды алмаштыруу аркылуу дарыланышы мүмкүн. Ошондой эле радиожыштык абляция (RFA) же электрофизиологиялык процедуралар колдонулат. Дене көнүгүүлөрү жана туура тамактануу дагы жүрөк ооруларын контролдоого жардам берет.
- Кандай азыктар жүрөккө пайдалуу?
- Жүрөккө пайдалуу азыктарга мөмө-жемиштер, жашылчалар, балык, жаңгактар, зайтун майы, дан азыктары кирет. Омега-3 май кислоталарына бай азыктар, мисалы, сёмга балыгы жүрөккө өзгөчө пайдалуу. Аз туз жана майлуу тамактарды колдонуу да маанилүү.
- Сизге бейтаптар көбүнчө кандай оорулар менен кайрылышат?
- Менин тажрыйбамда бейтаптар көбүнчө аритмиялар, жүрөктүн ишемиялык оорусу, жүрөктүн ритм бузулуусу, AV блоктор, гипертония жана жүрөк жетишсиздиги сыяктуу оорулар менен кайрылышат.
- Жүрөк ооруну алдын алуу үчүн эмне кылыш керек?
- Жүрөк ооруларын алдын алуу үчүн туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, стресстен алыс болуу, тамеки жана спирт ичимдиктерин таштоо, дене салмагын нормалдуу деңгээлде кармоо жана медициналык көзөмөлдөн үзгүлтүксүз өтүү зарыл.
- Кыргызстанда жүрөк оорусу менен кайрылгандардын саны көппү?
- Ооба, Кыргызстанда жүрөк оорулары менен кайрылгандардын саны көп. Атеросклероз, гипертония жана кант диабети жүрөк ооруларынын негизги себептеринин бири болуп эсептелет. Акыркы жылдарда жүрөк ооруларынын көрсөткүчү жогорулап баратат.
- Жүрөк ыргагы тууралуу айтып берсеңиз. Анын бузулушунун себептери эмнеде?
- Жүрөк ыргагынын бузулушу, же аритмия, көптөгөн факторлордун натыйжасында пайда болот. Аларга жүрөк булчуңунун бузулушу (мисалы, инфаркттан кийин), электролиттердин тең салмаксыздыгы, стресстик абалдар, калкан безинин оорулары, кээ бир дары-дармектер жана тукум кууган оорулар кирет. Ошондой эле жүрөккө электрдик импульстардын туура жеткирилбеши аритмияга алып келиши мүмкүн.
- Аны кандай жолдор менен дарылоого болот?
- Жүрөк ыргагы бузулганда дарылоо жолдору аритмиянын түрүнө жана себептерине жараша тандалат. Мисалы, жеңил аритмия дарылар аркылуу дарыланат, ал эми татаалыраак учурларда кардиоверсия, радиожыштык аблациясы же кардиостимулятор жана дефибриллятор сыяктуу аппараттарды имплантациялоо талап кылынышы мүмкүн.
- Кыргызстанда жаңыдан киргизген ыкмаларыңызды айтып кетесеңиз?
- Кыргызстанда биринчи жолу радиожыштык аблациясын (үч өлчөмдүү картографиялоонун жардамы менен колдонууга киргиздим. Мындан тышкары, рентгенди колдонбой аблация жүргүзүү («zero-fluoro»), жаш балдарга РЧА операцияларын жасоо жана жүрөктүн Гис түйүнүн стимуляциялоо сыяктуу уникалдуу ыкмалар киргизилген.
- Жүрөк ыргагы бузулган оорулар кайсылар жана көп кездешеби?
- Жүрөк ыргагы бузулган ооруларга аритмиянын ар кандай түрлөрү кирет, анын ичинде фибрилляция, трепетание, тахикардия, экстрасистолия жана башкалар. Фибрилляция предсердий эң көп кездешет жана ал 60 жаштан жогорку адамдардын арасында кеңири тараган. Бул оору жүрөк жетишсиздиги жана инсульт сыяктуу олуттуу кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн.
- 11 айлык балага жасалган операция жөнүндө айтып өтүңүз?
- Жакында 11 айлык наристеге уникалдуу операция жасадым. Балага жүрөк ыргагынын бузулушу диагнозу коюлган жана аны радиожыштык аблациясы аркылуу ийгиликтүү дарылоого жетиштим. Операция техникалык жактан татаал болгон, бирок ийгиликтүү өттү жана наристенин жүрөк ыргагы калыбына келтирилди.
- Жаш адистерге жана жарандарга кандай кеңеш бересиз?
- Жаш адистерге менин кеңешим – үзгүлтүксүз окуп, жаңы ыкмаларды жана технологияларды өздөштүрүп туруу. Тажрыйба топтоо жана жоопкерчиликтүү болуу маанилүү. Жарандарга болсо, жүрөк ооруларынын алдын алууга көңүл буруп, ар дайым дарыгерлер менен кеңешип, саламаттыкты сактоо чараларын көрүү керектигин баса белгилейт элем.