Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте адамды кемсинтип, жалаа жапкандарга айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоору каралды.
Жыйында депутат Улукбек Зулпукаров аталган мыйзам долбоору менен тааныштырууга юстиция министри өзү келбегенине нааразы болду.
"Юстиция министри иштейби өзү? Мен аны комитетте бир дагы жолу көрө элекмин. Министр өзү келиши керек да, эч болбосо көрүшүп, учурашып коёлу. Бизде ушундай эки министр бар да, маданият министри менен юстиция министри. Экөө Жогорку Кеңешке келгенди аябай жаман көрүшөт. Эмнеге экенин түшүнбөйм. Негизи келип, мыйзам долбоорлорун өздөрү коргоп кетсе жакшы болмок", - деди ал.
Президенттин парламенттеги өкүлү юстиция министри Аяз Баетов чогулушта экенин, ал эми маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов өлкөдө эмес экенин билдирди.
Буга депутат Исхак Масалиев ачууланып, келбегендерди "эрке министрлер" деп атады.
"Бизде дагы чогулуш, биз бул жерде ойноп жатабызбы? Отурум алдын ала пландалган. Чогулушта дегени кандай? Улукбек Зулпукарович туура айтат, бизде анча-мынча эрке министрлер бар. Бир кишинин коштоосунда гана келет, башка учурларда келбейт. Өткөндө ушул мыйзамды маданият министринин орун басары болгондо жылдырганбыз", - деди эл өкүлү.
Эске салсак, ушул эле комитеттин 3-сентябрдагы жыйынында аталган мыйзам долбоору Исхак Масалиевдин сунушу менен күн тартибинен алынган. Ал жыйында баяндамачыны алмаштырып, кийинкиде Юстиция министрлигинин өкүлдөрүн чакыртууну сунуштаган.