Интернеттеги жалган жалаа үчүн айып пул салуу мыйзамын комитет биринчи окууда жактырды

Бүгүн, 17-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда "Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Ага ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайттын социалдык тармактардагы баракчаларында жалган маалымат тараткан, бирөөгө жалаа жаап же аброюна шек келтирген жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушталууда.

Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорун юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков тааныштырды. Ал соңку кездерде маалымат каражаттары жана интернет-ресурстар аркылуу таратылып жаткан мазактоо жана кемсинтүү учурлары көбөйүп жатканын белгиледи. Сыдыков көпчүлүк учурлар күнөөнү далилдөөнүн татаалдыгынан жана юридикалык ченемдердин көп маанилүүлүгүнөн улам жазасыз калып жатканын, ошол себептүү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатканын айтты.

Талкууда депутат Исхак Масалиев интернет колдонуучулар жеке пикирин айтууга укуктуу экендигин белгилеп, мыйзам долбоорун аткарууну Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөө туура эмес деген пикирин айтты.

“Жалаа жабуу жана кадыр-баркка шек келтирүү боюнча Маданият министрлиги кантип айып салат? Бул укук коргоо органдарында болушу кажет”, - деди ал.

Эл өкүлү Элдар Абакиров сот аркылуу гана айып чегерүү керектигин айтып, бир катар сунуштарды берди жана алар кошулмайынча мыйзамды артка кайтарууну сунуштады.

"Муну Маданият министрлиги эмес, сот чечиш керек. Анткени сот өзүнчө орган, чечим чыгарганга укуктуу жана кесипкөй адистер. Ал эми айып пулду 3-5 миңден ашырбаш керек. Ошондо бул мыйзамды карап чыкса болот", - деди Абакиров.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна комитеттин жыйынына катышкан депутаттардын экөө каршы болуп, калганы колдоп берип, биринчи окууда кабыл алынды.

Эске салсак, аталган мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлган.

Депутаттардын айрымдары сунушталып жаткан документ чийки экендигин, анда көптөгөн алешемдиктер бар экенин айтууда. 3-сентябрда ушул эле комитеттин жыйынында мыйзам долбоору Исхак Масалиевдин сунушу менен күн тартибинен алынган. Ал жыйында баяндамачыны алмаштырып, кийинкиде Юстиция министрлигинин өкүлдөрүн чакыртууну сунуштаган.

Жогорку Кеңеш 17.09.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан