Өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ, 16-сентябрда STEM тармагындагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда жана грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Дүйнөлүк чемпиондукта (U20) байгелүү орундарды ээлеген жаштар жана алардын мугалимдери менен жолугушту.
Мамлекет башчысы жаш интеллектуалдарды жана спортчуларды куттуктап, жеңишке жеткен окуучулар келечекте Кыргызстандын экономикасын жана илимий-изилдөө потенциалын өстүрүүгө чоң салым кошот деген ишенимин билдирди.
Ошондой эле ал жаш балбандардын спорттогу жетишкендиктерин - Испаниядагы грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда (U20) байгелүү орундарды багындырганын айтып өттү.
Садыр Жапаров ушундай ийгиликтердин артында көп жылдаган тер төккөн мээнет жатканын белгилеп, мисал катары илимий изилдөөлөрдү келтирди.
"Бир тармакта: билимде болобу, же спортто болобу, же башка тармакта болобу, ийгилик жаратыш үчүн 10 миң саатты ошол багытка сарпташ керек экен. Ал жеңишке жетүү үчүн кыйынчылыктарды жеңе билген бекем эрк, темирдей тартиптен тышкары ар кандай учурларда делөөрүп көөп кетпеген токтоо мүнөз керек. Мына ушул ченемдерди бекем кармаган адам гана жашоосунда өзүнө, үй-бүлөсүнө жана бүтүндөй мамлекетине пайда алып келе алат", - деди ал.
STEM предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда медалдарга ээ болгон окуучуларга жана алардын мугалимдерине, грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда байгелүү орундарды ээлеген спортчулар жана алардын машыктыруучуларына акчалай сертификаттар тапшырылды:
Окуучулар:
1. Назар Киргизбаевге - 300 000 сом;
2. Ян Бобруска – 200 000 сом;
3. Эльдар Искандеровго - 200 000 сом;
4. Искен Кенжебаевге - 200 000 сом;
5. Алихан Айдарбековго - 200 000 сом;
6. Байтөрө Майрамбековго – 100 000 сом;
7. Бектур Бараталиге - 100 000 сом;
8. Иван Решетниковго - 100 000 сом;
9. Дмитрий Рубанга - 100 000 сом;
10. Нурсултан Увалиевге - 100 000 сом;
11. Байзак Карыпжановго - 100 000 сом.
Мугалимдер:
1. Махамадхан Ишматовго - 300 000 сом;
2. Азамат Аскаровго - 200 000 сом;
3. Медербек Осмоновго - 200 000 сом;
4. Кылычбек Урайымовго - 200 000 сом;
5. Дүйшөн Сатыбалдыевге - 100 000 сом;
6. Азамат Исламбековго - 100 000 сом;
7. Асхатбек Темиркуловго - 100 000 сом;
8. Эльбрус Тажибаевге - 100 000 сом.
Спортчулар:
1. Асан Жанышовго - 600 000 сом;
2. Самаган Ормоновго - 200 000 сом;
Машыктыруучулар:
1. Рыскулбек Эгеевге - 150 000 сом;
2. Шадыбек Сулаймановго - 100 000 сом;
3. Ташболот уулу Нуржигитке - 100 000 сом.