Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда STEM тармагындагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда жана грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Дүйнөлүк чемпиондукта (U20) байгелүү орундарды ээлеген жаштар жана алардын мугалимдери менен жолугушту.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, мамлекет башчысы жаш интеллектуалдарды жана спортчуларды куттуктап жатып, соңку жылдары мамлекет кайсы гана тармакка болбосун, анын ичинде өлкө байрагын чет жерде желбиретүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон балдарга ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жатканын айтты.
Ал белгилегендей, мындай камкордукка жараша мекенчил жаштар күтүлгөн натыйжаларды жаратууда.