Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусуна
кар жаап, атайын техниканын жардамы менен жолду тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, азыркы учурда күн ачылууда. Каттам үчүн тоскоолдук жок. Жеринде жолчулар нөөмөттө кызмат өтөп, атайын техника менен камсыздалган.
Мекеме аталган иштерди №9 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан аткарылганын кошумчалашты.