Бүгүн, 17-сентябрда Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусуна кар жаады. Бул тууралуу жарандар кар жаап жаткан видеолор менен социалдык тармактарда бөлүштү.
Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлигине байланышканыбызда учурда каттамдар ачык экенин жана чектөөлөр жок экенин кабарлады.
"Төө-Ашууда каттам ачык, чектөөлөр жок. Бүгүн Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, кайра бат эле эриген. Азыркы учурда күн ачык, каттамга тоскоолдук жок. Тийиштүү техникалар менен камсыздалган", - деп билдирди аталган министрликке караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасы.