Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан 73 жаштагы Сабира Бейшеналиеванын сөөгү табылды. Маалыматты бүгүн, 21-сентябрда Биринчи май милициясынан тастыкташты.
Кабарга караганда, ал 14-сентябрда Дорожная көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болу изделип жаткан.
Анын сөөгү бүгүн саат 10:00 чамасында Пригородное айылынын аймагынан табылып, соттук-медициналык экспертизага өткөрүлүп берилген.
Ушул жылдын 16-сентябрында милиция Бейшеналиевага издөө жарыялаганы маалымдалган.