Бишкек шаарында Сабира Бейшеналиева аттуу 73 жаштагы аял киши дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, ал 29-август күнү Бишкектин Дорожная көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Ошол убакта мезгилге жараша кийинип жүргөн.
Өзгөчө белгилери: эс-тутуму жана көрүүсү начар, жай басат.
Дайынсыз жоголгон адамдын жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондорго чалсаңыздар болот: 0 (312) 56-60-43, +996 (550) 102 -360 же «102» кыска номуру.