Сузак шайлоо округунда добуш берүү башталды

Бүгүн, 22-сентябрда №13 Сузак шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге добуш берүү башталды.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиргендей, 81 шайлоо участогу ачылып, 12 округдук шайлоо комиссиясы жана 1004 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тартылган.

Бул округда 124 миң 429 шайлоочунун тизмеси такталган. Добуш берүү саат 20:00гө чейин жүргүзүлөт.

Депутаттык мандат үчүн 7 талапкер ат салышууда. Алар: Юлия Лилиенталь, Бейшенбек Бегматов, Мелисбек Кошалиев, Алтынбек Кылычбаев, Асилбек Арапбаев, Жыргалбек Сейдахматов, Медербек Сапарбаев.

Эске салсак, №13 Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз каалоосу менен тапшырган. Ошол эле күнү Боршайком анын арызын карап, мандатынан ажыраткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан