Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Бир мандаттуу №13 Сузак шайлоо округу боюнча шайланган депутаттын мандатын тапшыруу боюнча арызын Боршайкомдун мүчөлөрү бир добуштан колдоду.
Икрамов бүгүн мандатын тапшыруу арызын жазган. Анын эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз. Өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Белгилей кетсек, ал 17-июлда УКМКга сурак берген.