Чүйдө изделип жаткан 17 жаштагы Анель Таалайбекова Бишкектен табылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Чүй ОИИБинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 1-октябрда анын апасы милицияга кайрылып, кызы 30-сентябрь күнү саат 22:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин айткан.
Издөө иштеринин жүрүшүндө 2007-жылы туулган өспүрүм табылганы кабарланды.