Чүйдүн Аламүдүн районунда 2007-жылы туулган Анель Таалайбекова дайынсыз болууда. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 1-октябрда анын апасы милицияга кайрылып, кызы 30-сентябрь күнү саат 22:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин айткан.
Белгилери: бою 170-174 сантиметр, чачы күрөң, көзү күрөң, мурду кырдач.
Кийген кийими: ак толстовка, үстүндө кара жилет, кара шым жана кара ак түстөгү бут кийим.
Милиция Анель Таалайбекованы көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 0312 363 527 же 102.