Биз социалдык тармакта

Жогорку соттун төрагасы Базарбековдун кызматтан кетери айтылууда

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын бир катар жергиликтүү басылмалар өздүк булактарга таянып жазып чыгышты.

Базарбеков 2022-жылы февраль айында Жогорку соттун төрагасына 5 жылдык мөөнөткө дайындалган. Ага чейин Жогорку соттун судьясы кызматын ээлеп келген.

Белгилей кетсек, Базарбековго чейин бул кызматты аркалаган Нургүл Бакирова 2022-жылдын 31-январында кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, президенттин буйругу менен бошотулган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан