Нургүл Бакирова Жогорку Соттун төрайымы кызматынан бошотулду

Нургүл Бакирова Жогорку Соттун төрайымы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Нургүл Бакирова кечээ, 31-январда Жогорку Соттун төрайымы кызматынан кетүү боюнча арыз жазган. Ал бул кызматты 2021-жылдан бери аркалап келген.

Анын ордуна Замирбек Базарбековдун талапкерлиги каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан