Өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу Бишкек-Жалал-Абад авиакаттамы токтотулду. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, учак Ош аэропортуна багытталды.
Эске салсак, өлкөдө 15-17-октябрга чейин аба ырайы бузулуп, катуу шамал болору айтылган. Синоптиктердин маалыматы боюнча, республика боюнча туруксуз аба ырайы сакталат.