Өлкөнүн тоолуу аймактарында жана Төө-Ашуу ашуусунда кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул боюнча бүгүн, 15-октябрда ӨКМ билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
"15-17-октябрь күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана Төө-Ашуу ашуусунда кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт" деп билдиришти мекемеден.