Төө-Ашуудагы жол тыгынга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан "Сосновка" жана "Арал" өтмөгүндө жылынуу пункттары уюштурулду. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы бүгүн, 16-октябрда кабарлады.
Маалымдалгандай, жол тыгында калган айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө ысык тамак да таратылып берилүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ, 15-октябрда Транспорт миристрлиги Бишкек–Ош унаа жолунун 127-128-чакырымындагы Төө-Ашууда суу кар жаап, анын калыңдыгы 35-40 сантиметрге жеткендигин
айткан. Анын натыйжасында жайкы дөңгөлөгү жана чынжыры жок чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, жасалма тыгын жаратып жаткандыгы белгиленген.