Транспорт министрлиги учурдагы Төө-Ашуудагы абал тууралуу маалымат берди (видео)

Учурда Бишкек - Ош унаа жолунун 127-128-чакырымындагы Төө-Ашууда суу кар жаап жатат. Кардын калыңдыгы 35-40 сантиметрге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Транспорт миристрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, учурда 133-134-чакырымдар аралыгында жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, жасалма тыгын жаратууда.

Ага ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кум себүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

"Аба ырайынын кескин начарлашынан улам, Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Ал эми жеңил унаалар өтүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

15.10.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан