Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажылардын формасын тигүүчүлөргө сынак жарыялады.
Маалыматка ылайык, конкурска катышуу үчүн документтер 25-октябрдан 8-ноябрга чейин кабыл алынат. Ал эми сынак 14-ноябрда өтөт.
Бул жылкы зыяратчылар кие турган кийимдердин топтомуна аялдар жана эркектер үчүн кийимдер, бут кийимдер жана сумка (рюкзак) кирет.
Белгилей кетсек, ажылык сапарга баруучуларды каттоо 7-октябрда башталган. Бул жылы Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлүнгөн.