Бүгүн, 7-октябрда өлкө аймагы боюнча 2025-жылдагы ажылыкка баруучуларды каттоо башталды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 3 миң 258 киши баштапкы 2 миң долларын жана кайтарымсыз 1200 сомун төлөгөн.
"Ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди өлкө боюнча бир тизмеге каттоо электрондук ID-карт паспортунун негизинде бүгүн, 7-октябрда башталды. Талап боюнча каттоолор баштапкы 2 миң доллар жана кайтарымсыз 1200 сомду РСК банкына төлөп, каалаган аймактык операторлорго КМДБнын түзүмүндөгү облустук, шаардык Казыяттарга жана райондук Хатибияттарга дүмүрчөктү жана электрондук каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл", - деп жазылат маалыматта.