Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” жана “Арал” көзөмөл өткөрмө жайлары оор жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды. Бул жөнүндө бүгүн, 16-октябрда “Кыргызавтожол-Түндүк” мекемесинен билдиришти.Белгилей кетсек, кечээ, 15-октябрда Транспорт министрлиги Төө-Ашууда суу кар жаап, анын калыңдыгы 35-40 сантиметрге жеткендигин айткан. Анын натыйжасында жайкы дөңгөлөгү жана чынжыры жок чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, тыгын жаралганы белгиленген.